# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26421/edition/7632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (24.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005732

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-апрели № 201

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы маселелерди жөнгө салуу максатында, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторунда:

- 16-калдык тобу төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:

"

Түтүк-шифер өндүрүшүнүн калдыктары

16993

N 160104/P00/Q16/WS13/T4/C48/H00/D(R)/00/A000

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
