Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу „Кыргызфармация“ мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-ноябры № 601
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген Борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеги боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүчү болуп саналары;
– «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө контракттарды түзүүдө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүдө бажы жыйымын, алымдарды жана салыктарды төлөөгө байланышкан кошумча чыгымдардан тышкары, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташуу, жүктөө, сактоо, саламаттык сактоо уюмдарына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды, ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоого жана сапатын баалоого байланышкан чыгымдары түзүлүүчү контракттардын суммасынын 2 пайызы өлчөмүндө жана контракттын суммасынын 5 пайызына чейинки кошмо бааны эске алууга укуктуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жеткирилген дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн акы төлөөнү "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына уюмдардын тиешелүү жылга бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жеткирүү мүмкүндүгү болгон учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынан борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмегинен тышкары сатып алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эки айлык мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү боюнча аванстык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Төрага | А.У. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп…Порядок · 15.11.2023 · № 601
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябры № 609 "Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү…Постановление · 11.09.2026 · № 609
- 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган…План · 24.09.2025 · № 613
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча…Указ · 08.02.2021 · № 23
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Устав · 30.03.2023 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралы № 96 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.02.2026 · № 96