# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230005650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005650/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5331/edition/7549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005650/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (10.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005650/st-1

---

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Эквайрингди Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка уюмдар жүзөгө ашыра алышат.»;

2) 20-беренеде:

а) 31-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 32-бөлүк менен толукталсын:

«32. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитацияланган) түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык процессинг борборлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Процессинг борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш. Процессинг борборлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору менен бириктирүү (интеграциялоо) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептещүүлөр системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.»;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:

«41. Түрдүү төлөм системаларынын карталары менен жасалган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230005650/st-2)
