1-берене
Күчүндө · 10.05.2024 редакциясы
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Эквайрингди Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка уюмдар жүзөгө ашыра алышат.»;
2) 20-беренеде:
а) 31-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 32-бөлүк менен толукталсын:
«32. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитацияланган) түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык процессинг борборлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Процессинг борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш. Процессинг борборлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору менен бириктирүү (интеграциялоо) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептещүүлөр системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
«41. Түрдүү төлөм системаларынын карталары менен жасалган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.».
Берененин тексти 10.05.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөЗакон · 21.01.2015 · № 21
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230005650/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>