# Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 04-апрелиндеги № 15 "Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 04-апрелиндеги № 15 "Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26350/edition/7541/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 04-апрелиндеги № 15 "Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ" токтому (04.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005646

---

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз 4 - сессиясынын

2022-жылдын 4-апрелиндеги № 15

Семеновка айыл аймагындагы “Сүттүү Булак” СПАсынын ирригация системасын айыл ɵкмɵттүн балансына алуу жɵнүндɵ Семеновка айыл аймагынын “Сүттүү Булак” СПАнын жетекчиси М.Д.Турдубековдун кайрылуусу боюнча талкуулап карап чыгып, Семенов айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына 2021-жылдын 10-декабрындагы №151 КР Суу кодексине СПАлар жөнүндө КР мыйзамындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Суу кодексинин 16.1 беренесинин негизине ылайык “Сүттүү Булак” СПАнын баардык ирригациялык тутумдары (лоток,канал,гешкалар) арыктар, суу чарба тосмолору, БСРлер Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлөп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын СПАнын жетекчиси М.Д.Турдубековго жана Семенов айыл аймагынын башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын Семенов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №1 туруктуу комиссиясынын жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге жүктɵлсүн.

4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Тɵрайым

А.С.Бараканова
