Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Имараттарды жана курулмаларды этап-этабы менен курууну жана аларды эксплуатацияга киргизүүнү, тогуз жалпы билим берүүчү уюмду түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылуу боюнча республикалык штабдын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-марты № 108-т 2023-жылдын 29-мартында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 124 "2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Имараттарды жана курулмаларды этап-этабы менен курууну жана аларды эксплуатацияга киргизүүнү, тогуз жалпы билим берүүчү уюмду түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылуу боюнча республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна жана Республикалык штабга Кыргыз Республикасында имараттарды жана курулмаларды этап-этабы менен курууну жана аларды эксплуатацияга киргизүүнү, тогуз жалпы билим берүүчү уюмду түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылуу үчүн толук көмөк көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Республикалык штаб менен биргеликте кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине курулуш үчүн жер участокторун даярдоо жана бардык зарыл болгон коммуникацияларды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери менен байланышкан чыгымдарды каржылоо маселелери боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган жалпы билим берүүчү мекемелердин курулушунун жүрүшүн координациялоочу орган болуп аныкталсын.
5. Республикалык штабдын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Имараттарды жана курулмаларды этап-этабы менен курууну жана аларды эксплуатацияга киргизүүнү, тогуз жалпы билим берүүчү уюмду түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылуу боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Республикалык штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары. Республикалык штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри; Ош шаарынын мэри; Баткен шаарынын мэри; Нарын шаарынын мэри; Каракол шаарынын мэри; Талас шаарынын мэри; Жалал-Абад шаарынын мэри; Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору; "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору; "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору; "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору; "Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору; "Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун башкы директору; Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору; "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы; Бишкек, Каракол, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас шаарларынын мэрияларынын, Ош облусунун Өзгөн районунун жана Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрацияларынын капиталдык курулуш башкармалыктарынын/бөлүмдөрүнүн начальниктери; Бишкек шаарынын башкы архитектору; Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча); Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус…Закон · 22.06.2023 · № 124