# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 218-р
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19170/edition/7502/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (28.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005617

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 8-майы № 218-т "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 7, 9-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пунктта “2023-жылдын III кварталы”, “2023-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пунктта “2023-жылдын III кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 19-пунктта “2024-жылдын I кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-пунктта “2024-жылдын I кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 24-пунктта “2023-жылдын IV кварталы”, “2024-жылдын I кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 37, 38-пункттарда “2023-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
