# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т (Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т (Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 73-р
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19168/edition/7484/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т (Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитүү тууралуу) тескемеси (09.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005600

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 28-февралы № 73-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221-т, 2024-жылдын 9-августундагы №478-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын РЕЕСТРИ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 478-т тескемесинин редакциясына ылайык)

№

Базардын жана кичи базардын аталышы, ИСН

Базардын жана кичи базардын жайгашкан дареги

1

"Дордой Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00104201110022

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ден Сяопина көчөсү, 302/1

2

"АЗИЗ азык-түлүк дүң базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00107201110169

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 201

3

Жеке ишкер Мусоходжоева Чинара Бейшеевна ("Кудайберген" автотетиктер базары) ИСН 11005195610060

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Патрис Лумумба көчөсү, 54 Б

4

"Мадина" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00101199310361

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7 апрель көчөсү, 223

5

"Бишкек жүк ташуу автотранспорттук ишканасы" Жабык акционердик коому ИСН 02712199110096

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 19

6

"Рынок "Элитстрой" Жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00507201210094

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспектиси, 18/1
