# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10586/edition/7452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005572

---

КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 2-марты ПЖ № 53

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кечиктирилгис чечимди талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды оперативдүү каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

- 13-пункттун 1-пунктчасында "жогорку" деген сөз алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 222-пункт менен толукталсын:

"222. Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча ушул Тартипте каралган максаттарга жана башка иш-чараларга бөлүнүшү мүмкүн.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:

"301. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Турукташтыруу фондунан акча каражаттары бөлүнгөн учурда ушул Тартиптин 26-30-пункттары колдонулбайт.";

- 31-пункт "Министрлер Кабинети" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 27-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
