# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 194-т (Айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 194-т (Айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 194-р
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19165/edition/7414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 194-т (Айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси (25.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005532

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 25-апрели № 194-т Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасын өздүк айыл чарба продукциясы менен камсыздоого мамлекеттик муктаждыктарды канааттандыруу максатында, тоолуу шарттарда жылкыларды пайдаланууну талап кылган геологиялык чалгындоо иштеринин артыкчылыктуу багыттарын жана өзгөчө социалдык маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл округунда, № 1299 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун 104 га айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте 10 (он) жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы өткөрүп берилген айдоо жерлерин максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
