Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламенти (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 211-т тескемесине)
Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишинин укуктук жана уюштуруучулук маселелерин жөнгө салууга багытталган.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоону камсыз кылуучу жана Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине ишкердик субъекттерди киргизүү жана чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуучу туруктуу иштөөчү орган болуп саналат.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачыктык жана калыстык;
- чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик/жергиликтүү бийлик органдарынын жана бизнес-коомчулуктун пикирлерин эске алуу;
- даярдалуучу чечимдердин негиздүүлүгү;
- Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
- акыркы натыйжага багытталгандык;
- мыйзамдуулук.
4. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана координациялык камсыздоо Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан ишке ашырылат.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими, эгерде ал сот тартибинде даттанылбаса, акыркы болуп саналат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана ыйгарым укуктары
7. Ведомстволор аралык комиссия тиешелүү чечим кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү жана чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо максатында түзүлөт.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) ишкердик субъекттердин арыздарын кароо (Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча);
2) ишкердик субъекттердин арызына тиркелген төмөнкү документтерди кароо:
юридикалык жактар үчүн:
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюштуруучулук документтердин көчүрмөлөрү;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документтер;
- штаттык кызматкерлер жөнүндө маалыматтар (Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча);
- акыркы үч жылда улуттук валютада төлөнгөн салыктардын көлөмү жөнүндө маалыматтар;
жеке жактар үчүн:
- паспорттун көчүрмөсү;
- жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документтер;
- штаттык кызматкерлер жөнүндө маалыматтар (Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча);
- акыркы үч жыл ичинде төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар;
3) ишкердик субъекттер тарабынан берилген маалыматтарга баа берүү;
4) ишкердик субъекттин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде ишкерлерди Реестрден чыгаруу боюнча документтерди, ыйгарым укуктуу органдын, башка мамлекеттик органдардын, ишкердик субъекттин жакын туугандарынын өтүнүчтөрүн жана ишкер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүн кароо;
5) Реестрге киргизүү жана чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) Ведомстволор аралык комиссиянын жана Реестрди жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүү;
7) мамлекеттик органдардан ишкердик субъект боюнча маалыматты белгиленген тартипте суроо;
8) Ведомстволор аралык комиссиянын ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде иш процессинде зарыл болгон учурда эл аралык эксперттерди тартуу;
9) Реестрди түзүүгө көмөктөшүү.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
9. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары саналат.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын жеке курамы мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы:
1) Ведомстволор аралык комиссиянын ишине жетекчилик кылат;
2) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарын белгиленген мөөнөттө өткөрөт жана тиешелүү документтерди жана материалдарды кароо боюнча иштерди уюштурат;
3) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарын алып барат;
4) Ведомстволор аралык комиссиянын ишин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
5) Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурууда башка функцияларды аткарат.
13. Комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарына катышууга;
2) талкуулануучу маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга;
3) Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна талаптагыдай түрдө киргизилген документтерди жана материалдарды изилдөөгө, алар боюнча сын пикирлер жана сунуштар болсо, аларды берүүгө;
4) ишкердик субъекттердин каралуучу арыздары боюнча маалыматтарды угууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
14. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат.
15. Комиссиянын жыйналыштары жарым жылда бир жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын чечими боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кезексиз жыйналыштары өткөрүлүшү мүмкүн.
16. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарын Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда төраганын орун басары же төраганын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилген Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн бири өткөрөт.
17. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы, эгерде Ведомстволор аралык комиссиянын жалпы сандык курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат.
18. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп ыйгарым укуктуу орган саналат.
19. Каралуучу маселелер боюнча чечимдер Ведомстволор аралык комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында төрагалык кылгандын добушу чечүүчү болуп саналат.
20. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштары протоколдор менен таризделет.
21. Жыйналыштын протоколун Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы жүргүзөт жана ага Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
22. Реестрге ишкердик субъекттерди киргизүү жана чыгаруу жөнүндө Ведомстволор аралык комиссиянын чечими корутунду менен таризделет, ага Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
23. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү чечим менен макул болбогон учурда, анын сын пикирлери жана сунуштары өзгөчө пикир түрүндө таризделет жана корутундуга тиркелет, ошол эле учурда корутундуга Ведомстволор аралык комиссиянын ошол мүчөсү кол коёт (сын пикир/сунуш менен).
24. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында үзгүлтүксүз жайгаштырылат.
25. Ыйгарым укуктуу орган координациялык функциянын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишин контролдоого;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Ведомстволор аралык комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсүнө жүйөлүү себептерсиз системалуу түрдө жыйналыштарда жок болгондугу үчүн тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүүгө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.12.2022 · № 715
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги N 211-т (Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 30.04.2024 · № 211-р