# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги N 211-т (Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламентин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги N 211-т (Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламентин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 211-р
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19164/edition/7403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги N 211-т (Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламентин бекитүү тууралуу) тескемеси (30.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 30-апрели № 211-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламенти 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде өз чечими менен жогоруда аталган ведомстволор аралык комиссиянын жеке курамын бекитүү жолу менен ушул тескемени аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Бизнес-омбудсмен (макулдашуу боюнча); "ЖИА Бизнес-ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Эл аралык ишкерлер кеңеши" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча).
