# КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 "Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 "Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26231/edition/7283/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 "Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005450

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 30-апрели № 214 Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 195, 196-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги эки айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөр боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылуу менен "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен интеграциялоону ишке ашырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3587) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
