# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26230/edition/7278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005446

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын сентябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 6-майы № 217 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)

Ченемдик укуктук актыларды бирдей колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

- 12-пункттун 5-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдында кепилдик берүүчү катары чыгат;";

- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибинде:

- 2-пункттун 4-пунктчасында "чечимдерине ылайык берилүүчү" деген сөздөр "чечимине ылайык берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3588) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
