# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2024
- Редакциянын күнү: 30.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230005422/edition/7253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (30.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005422

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 110

Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
