Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Молдо Нияз айылдык кеңешинин «Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитип берүү жөнүндө» токтому
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 10/2 Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитип берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы 200,0 га жер аянтынын генералдык планын бекитип берүү маселелерин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берүүнүн тартиби жөнундөгү жобого таянып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер комиссиясынын протоколунун чечимин негиз кылып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берүүнүн тартиби жөнундөгү жобого ылайык Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү “ Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер аянтынан берилүүчү жер участокторун убактылуу комиссиядан турган комиссиянын чечимине негиз төмөнкү тизме бекитилсин. (тизме тиркелет) Турак жай салуу үчүн огород алган жарандар 3 жылдын ичинде курулуш иштерин баштасын, 3 жылдын ичинде курулуш иштери болбосо КР Жер Кодексинин негизинде чара көрүлсүн. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы мамлекеттик менчиктеги жер аянтынан жеке турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуулуп (трансформацияланып) жаткан жалпы 200,0 га жер аянтынын генералдык планы бекитилсин. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы которулуп (транформацияланып) жаткан 200,0 га жер аянтына мамлекеттик акт даярдалсын. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго тапшырылсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага
К.Машрапов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.