# КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1993-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1993-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1993-VII
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15346/edition/7174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1993-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (17.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005343

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 17-апрели № 1993-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Толонов Чынберди Толонович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын.

1. "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Осмонов Айбек Жапарович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын;

2. Толонов Чынберди Толонович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясына жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Шакиев
