Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин „Жаңы китеп“ мекемесин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу „Республикалык илимий-практикалык „Окуу китеби“ борбору“ мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 48
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемесин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору" мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
Улуттук окуу китептеринин сапатын жана мазмунун жакшыртуу, билим берүү уюмдарында окуу китептери менен камсыз болууну жогорулатуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 56-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемеси ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору» мекемесин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – «Окуу китеби» басма үйү» ММ) деп кайра аталсын.
3. «Окуу китеби» басма үйү» ММнын иши өзүн-өзү каржылоо принцибинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) юридикалык жактарды кайра уюштуруу менен байланышкан иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн;
2) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
3) юстиция органдарында «Окуу китеби» басма үйү» ММны белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте «Окуу китеби» басма үйү» ММны ведомстволук объекттерде болгон аянттардын эсебинен, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен жайгаштырууну камсыз кылсын;
5) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
6) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемесин түзүү жөнүндө» токтому.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 286 "Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын уюмдарынын кызматкерлеринеэмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 286
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 48 токтомуна ылайык)…Порядок · 05.02.2024 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаңы китеп" мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.07.2018 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү" токтомуПостановление · 16.10.2017 · № 671 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 286 "Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын уюмдарынын кызматкерлеринеэмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 286
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү" токтомуПостановление · 16.10.2017 · № 671 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаңы китеп" мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.07.2018 · № 341 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.