Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша КР от 30 июня 2026 года № 110 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в городе Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-30.
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 4-марты № 114
Бишкек шаардык кеңешинин жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-пункт төмөнкү мазмундагы 2- жана 3-абзацтар менен толукталсын: "ай сайын Бишкек шаардык кеңешине жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жыйындардын бекитилген протоколдорунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен өткөрүлгөн комиссиялар жөнүндө отчет берсин; кезектеги жыйынды өткөргөнгө чейин 5 календардык күндө жана кезексиз жыйынды өткөргөнгө чейин 2 календардык күндө комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясын кабарласын жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыз кылсын;"; 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.".
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 "Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Бишкек шаардык кеңешинин жогоруда аталган токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо" жобонун 28-пунктунун 2-абзацындагы "ошондой эле мөөнөтүнө" деген сөздөр "үч жылга чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 30.06.2026 · № 110
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 "Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга…Постановление · 14.01.2020 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 30.06.2026 · № 110
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 "Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга…Постановление · 14.01.2020 · № 142 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141…Положение · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон