# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230005284)
- Толук аталышы: КР 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005284/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5329/edition/7090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005284/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (30.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005284/st-1

---

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 2-бөлүгүндө "(резервдик)" деген сөз алып салынсын;

2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын инвестициялоо ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.";

3) 6-беренеде:

а) 1-бөлүктө "(резервдик)" деген сөз алып салынсын;

б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө.";

4) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:

"7) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина);

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230005284/st-2)
