1-берене
Күчүндө · 30.04.2024 редакциясы
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 2-бөлүгүндө "(резервдик)" деген сөз алып салынсын;
2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын инвестициялоо ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.";
3) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө "(резервдик)" деген сөз алып салынсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө.";
4) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина);
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына.".
Берененин тексти 30.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230005284/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>