# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26103/edition/7039/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005243

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-апрели № 171

Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу Аттракциондорду курууда жана эксплуатациялоодо келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 114 Евразия экономикалык бирлигинин "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентин кабыл алуу жөнүндө чечимине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
