# Ивановка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28 "Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ивановка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28 "Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 57XV-28
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26095/edition/7029/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ивановка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28 "Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтому (06.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005234

---

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28 Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө “Тушум-Булагы” ЖЧКнын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө арызын карап, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №1836-V токтомунун негизинде, “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө " жобосунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25 беренесинин 1 пунктуна жана 7 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын " Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"," Мыйзамына ылайык, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 26.10.2010ж. № 2820 ТЕ жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын жана айылдык кеңештин чеимин эске алып.

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан колдонууга 26.10.2010ж. берилген № 2820 ТЕ лицензиясы менен бекитилген координаттарына ылайык, курулуш кумун жүргүзүү үчүн жалпы аянты 4,3 га жер участогун убактылуу пайдаланууга берилсин.

2.Ысык- Ата райондук кыймылсыз мүлкүн убактылуу пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттатуу жагы суралсын.

3.”Тушум-Булагы” ЖЧКсы айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүгө милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Э. Д. Усупов
