Ивановка айылдык кеңешинин «Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28 Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө “Тушум-Булагы” ЖЧКнын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө арызын карап, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №1836-V токтомунун негизинде, “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө " жобосунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25 беренесинин 1 пунктуна жана 7 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын " Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"," Мыйзамына ылайык, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 26.10.2010ж. № 2820 ТЕ жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын жана айылдык кеңештин чеимин эске алып.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан колдонууга 26.10.2010ж. берилген № 2820 ТЕ лицензиясы менен бекитилген координаттарына ылайык, курулуш кумун жүргүзүү үчүн жалпы аянты 4,3 га жер участогун убактылуу пайдаланууга берилсин.
2.Ысык- Ата райондук кыймылсыз мүлкүн убактылуу пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттатуу жагы суралсын.
3.”Тушум-Булагы” ЖЧКсы айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүгө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага
Э. Д. Усупов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон