# Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 75/XXI-28 "Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 75/XXI-28 "Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75/XXI-28
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26065/edition/6990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 75/XXI-28 "Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005200

---

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 25-январы № 75/XXI-28 Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” маалыматын карап.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4 беренесинин негизинде, Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун 10.01.2022 жылдагы №1 протоколу жана чечими жайыт жерлеринин, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, бекитүү жөнүндө талкуулап жана пикир алмашып Логвиненко айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2023-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөгө сунушталган бюджетин төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

- Бодо малга - 80,0 сом бир мал башына.

- Жаш бодо малга - 65,0 сом бир мал башына.

- Жылкыга - 100,0 сомдон бир мал башына.

- Майда малга - 20,0 сом бир мал башына.

- башка айыл өкмөттөрдүн тургундарына 2023-жылга жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм - үч эселенген төлөм.

2. ЖК төрагасынын айлык маянасы 3500 сомду түзөт. ЖКБнын бухгалтеринин айлык акысы 3000 сом. Объездчиктин айлык акысы - келишим боюнча. Эмгек акы фонду 2023-жылдын 1-мартынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин акча каражаттарын кассага алгандан кийин чегерилет. 2023-жылга башка чыгашалар - 20 000 сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетин төрагасы Д. Бейшеналиевге жүктөлсүн.

Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
