Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата СЭӨП аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2024-жылга карата СЭӨП планын бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 4-апрели № 07 Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата СЭӨП аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2024-жылга карата СЭӨП планын бекитүү жөнүндө (Кара-Балта шардык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык) Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновдун “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасынын жыйынтыгы жана Кара-Балта шаарынын 2024-ж., социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө” отчетун угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновдун “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасынын жыйынтыгы жөнүндө отчету эске алынсын (1-тиркеме).
2. (Кара-Балта шардык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.