# Сары-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 20 "Сары-Булак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коефициентти кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 20 "Сары-Булак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коефициентти кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77912/edition/6992/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 20 "Сары-Булак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коефициентти кабыл алуу жөнүндө" токтому (28.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005165

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 28-ноябры № 20 Сары-Булак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коефициентти кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-5 бөлүгү, 37-беренесинин 3-бөлүгү жана 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» №4-мыйзамынын 3- беренесинин 2- бөлүгүнүн негизинде Сары-Булак айылдык Кеңеши Токтом кылат:

1. Сары-Булак айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү мүлк салыктары киргизилсин:

- Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы.

- Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы.

- Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы.

- Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы.

- Турак жай эмес имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы.

- Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык.

2. Айыл аймагында экономикалык пландалуучу зоналар үчүн айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн,зоналдык коефициент-1,6 өлчөмүндө бекитилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы (Э.М.Музакеева) бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, Юстиция Министерствосуна Мамлекеттик Реестрине кигизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Б.Караевага жүктөлсүн.

Сары-Булак айылдык Кеңештин төрөгасы

Мааткеримов К.М.
