Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Балыкчы шаардык кеңешинин «Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер аянттарына аренда баасын коюу боюнча колдонулуучу базалык ставкасын жана дифференциялоочу коэффициенттерин бекитүү жөнүндө» токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын xv сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 4
Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер аянттарына аренда баасын коюу боюнча колдонулуучу базалык ставкасын жана дифференциялоочу коэффициенттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 8-статьясынын 3-пунктуна 9-август 2012-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Балыкчы шаар мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын № 01-18/432 14.02.2023-ж. муниципалдык жер участокторуна аренда баасын коюуда колдонулуучу базалык ставкасын жана дифференциялоочу коеффициенттерин көтөрүү маселесин бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңештин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер аянттарына аренда баасын коюу боюнча колдонулуучу жана дифференциялоочу коэффициенттеринин базалык чени № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыяланган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
3. Кабыл алынган токтомго ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IX сессиясынын 2013-жылдын 26-февраль айындагы №1 “Балыкчы шаарынын муниципалдык жер аянттарына аренда баасын коюу боюнча колдонулуучу базалык ставкасын жана дифференциялоочу коэффициенттерин бекитүү жөнүндө” токтомунун күчү жоготулсун.
4. Кабыл алынган бул токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
6. Токтомдун аткарылышы Балыкчы шаар мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына жана шаардык Кеңештин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы
Ж.М. Абдразаков
Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13.03.2023-ж. XV сессиясынын № 4 токтомунун №1 тиркемеси
Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелеринин ижара төлөмдөрүн аныктоо үчүн дифференциялоо коэффициенттеринин бекитилген базалык чени:
Жер участокторун ижарага убактылуу пайдаланууга берүүдө ижара төлөмдөрүн эсептөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ИА = С х S х (К1 х К2 х К3)
С – ижаранын базалык чени (сом/ кв.м) 1 жылга. S - жер аянты кв.м. К - коэффициенттер
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Балыкчы шаарындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин 1 чарчы метри үчүн ижара акысынын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы №159 Мыйзамына ылайык жылына 4 сом деп бекитилген. Убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторунун ижара акысын дифференциялоонун коэффициенттери
К1 - экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн коэффициенттер:
Зона №1 К = 1,88
1)“Батыш өндүрүш зонасы”: Озерная көчөсүнөн түштүк тарабынан Нарын шоссе
көчөсү, 2-айлампа Тоң районуна чейин
2)“Чыгыш өндүрүш зонасы”: Далбаев көчөсүнөн – Ш.Бектуровдун ПППсы чейин
Ж. Аманбаев көчөсү.
Зона №2 К = 5,25
“Кербен” базары, “Асель” базары, Борбордук парк, Ж. Абдрахманов көчөсү Экопостко чейин, айлампадан баштап Нарын шоссе Озерная көчөсүнө чейин, Ж. Аманбаев көчөсү Далбаев көсүнө чейин, айлампадан баштап Т.Океев жана Ш. Кулакунов көчөлөру Далбаев көчөсүнө чейин, ЖБИ. Зона №3 К = 3,75
Ж. Абдрахманов көчөсүнүн ылдыйкы аймагы көлдүн жээгине чейин
Зона №4 К = 3,0
Ж. Аманбаев көчөсүнүн үстүнкү аймагы түндүк тарабы Далбаев көчөсүнө чейин.
К2 - жер участогун пайдалануусунун убакты шарттарына жараша аныкталуучу коэффициент:
К = 2,5 жерди пайдалануунун биринчи беш жылдыкта; К = 2,0 жерди пайдалануунун 5 жылдан 25 жылга чейин; К = 1,5 жерди пайдалануунун 25 жылдан 50 жылга чейин;
К-3 – аянттын өлчөмүн жана жер участокторунун рентабелдүүлүгүн эске алуу коэффициенти:
Соода түйүн 20 кв.м чейин 20,1 – 30 кв.м 30,1 – 40 кв.м 40,1 – 50 кв.м 50 кв.м жогору Коэффициент 11 9 7 5 3
Зоналардын аталышы 20 кв.м чейин 20,1 – 30 кв.м 30,1 – 40 кв.м 40,1 – 50 кв.м 50 кв.м жогору Зона №1 206,8 169,2 131,6 94,0 56,4 Зона №2 577,5 472,5 367,5 262,5 157,5 Зона №3 412,5 337,5 262,5 187,5 112,5 Зона №4 330,0 270,0 210,0 150,0 90,0
- кичи базарлар, соода-базар комплекстери – 2,0
- мал жана тоют базарлары - 1,5
- коомдук тамактануу ишканалары – 2,0
- мейманканалар, банктар, ломбарддар, алмашуу бюролору - 2,0
- оюн-зоок мекемелери, казинолор, түнкү клубдар - 3,0
- май куюучу станциялар - 3,0
- унаа токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары - 1,5
- өнөр жай, транспорт ишканаларына - 0,5
- илимдин, билим берүүнүн, маданияттын, спорттун коммерциялык мекемелери - 0,3
- коргонуу-спорттук-техникалык уюмдар - 0,1
- Коэффиценти белгиленбеген калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы
жер участогу үчүн К-3 коэффициенти - 1,0 деп кабыл алынат.
Жашылдандырууга берилген жер участокторуна:
Площадь кв.м 300 кв.м чейин 301 -700 кв.м 701 – 1000 кв.м 1001 кв.м жогору Ставка 12,5 10,0 7,5 3,75
Эс алуу жайлар үчүн берилген жер участокторуна: Площадь кв.м 1000 кв.м чейин 1001-5000 кв.м 5001 – 10000 кв.м 10001 кв.м жогору Ставка 22,5 24,38 15,0 11,25
Жарнактарга жер тилкелери үчүн: К1 Ж. Абдрахманов көчөсү – 50 сом
Ж. Аманбаев – 40 сом
Калган көчөлөр – 30 сом
Площадь кв.м 6 кв.м чейин 7 – 12 кв. 13 и жогору Коэффициент К3 3,5 2,5 2,0
Турак жай эмес жайларды ижарага алуунун тарифтик чени
Турак эмес жайлардын 1 чарчы метри үчүн базалык тариф айына 25 сомду түзөт. К1 – жайлардын түрүн эске алуу менен коэффициент:
- турак эмес жайлар үчүн - 1.2;
К2 - турак эмес жайлардын жайгашкан жерин эсепке алуу коэффициенти: Мамбеталиева, Далбаева, Озерная, Аманбаева көчөлөрдүн аянтында жайгашкан турак эмес жайлар үчүн - 1,2; Балыкчы шаарынын бардык башка турак эмес жайларына - 1,0;
К3 - иштин түрүн эске алуу коэффициенти: бюджеттик, мамлекеттик, өкмөттүк эмес - 1,0; өндүрүштүк ишмердүүлүк, чарбалык эсептик уюмдар - 1,2 коммерциялык иш - 1,5;
К4 - коммуникацияларды эсепке алуу коэффициенти:
- бардык коммуникациялардын болушу - 1,0;
- жарым-жартылай коммуникациялар - 0,8
Аппарат жетекчи
Ө.А. Рахманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 159 · Күчүн жоготкон