# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26024/edition/6935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005145

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 2-сентябры № 161

Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 437, 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнү оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун 9-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- укук коргоо органдарынын акыркы чечиминин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде;";

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги

№ 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У. Марипов
