Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 133 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ПРОГРАММАСЫ Киришүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана МКЮЖду алууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт. Бул Программа МКЮЖ системасын кардарларды канааттандыруу деңгээлине чейин өнүктүрүүгө багытталган, ал МКЮЖ алуучуну жана анын муктаждыктарын көңүл борборуна коёт, бул бир кыйла жемиштүү маданиятты түзүү жана сапаттуу МКЮЖ үчүн маанилүү.
1. МКЮЖ системасын өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын талдоо жана баалоо
1.1. Генезис жана алгачкы кадамдар
МКЮЖ системасы конституциялык-укуктук институт түрүндө 1993-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, анын 40 жана 88-беренелеринде ар бир адамдын мыйзамда каралган учурларда мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам (мындан ары - КЮЖ) алуу укугу белгиленген. Конституциялык ченемдерди аткаруу максатында 2009-жылдын 17-июлунда № 227 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда жарандарга өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары болбогон учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү механизми аныкталган. Бирок бул мыйзамды ишке ашыруунун натыйжалары анын механизмдери натыйжасыз иштегендигин, облустук юстиция башкармалыктары, адвокаттар, тергөөчүлөр, прокурорлор жана судьялар МКЮЖ алуучунун негизги муктаждыктарын эске албаган продуктка багытталган системага мүнөздүү бир катар көйгөйлөргө туш болгондугун көрсөттү. Алсак, МКЮЖ системасынын адвокаттары жетишсиз болгон учурда тергөөчүлөр тарабынан адвокаттарды дайындоо мамлекеттик реестрден жүргүзүлгөн эмес; региондордогу МКЮЖдун координаторлору болуп юстициянын облустук башкармалыктарынын кызмат адамдары дайындалган, бул кошумча, акы төлөнбөгөн, демек натыйжасыз, функциялык милдет болуп калды. Облуста МКЮЖдун бир координаторунун болушу мыйзамдардын ченемдерин ишке ашырууну камсыздоо жана калктын МКЮЖ адвокаттарына болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болду. Натыйжада кылмыш-жаза процессуалдык ченемдер бузулуп, чек арага жакын райондордо кармалган чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, качкындардын жана башкалардын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселеси курч бойдон калган. Буга байланыштуу МКЮЖ системасы 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык реформаланган, аны менен консультациялык-укуктук жардам институту (мындан ары - КУЖ) кошумча киргизилген, ал төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлгөн: укуктук маалымат, КЮЖ алуу чөйрөсү кеңейтилген, ал кылмыш-жаза иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да көрсөтүлүп баштаган. Жалпысынан МКЮЖ Кыргыз Республикасынын жарандарына гана эмес, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга да көрсөтүлө баштады. Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укугу бар адамдардын тизмеси дагы кеңейтилген жана ага кошумча: кармалган адамдар; Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңештирилген адамдар; балдардын кызыкчылыктарын коргогон ата-энелер, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр; жалгыз бой энелер; мамлекеттик интернат-үйлөрдө жашаган кары-картаңдар ж.б. кирген. Өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөткөн МКЮЖ боюнча Улуттук кеңештин коомдук органынын ордуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор (мындан ары - МКЮЖ КБ) түзүлгөн, анын укуктук статусу жана иш жүргүзүү тартиби аныкталган, координаторлордун штаты бөлүнгөн, алардын функцияларына МКЮЖ алуучу менен адвокаттын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыздоо кирген. МКЮЖдун жаңы түрү катары КУЖду, КЮЖду көрсөтүүдө сапат стандарттарын киргизүү, ошондой эле бир катар башка өзгөртүп түзүүлөр ар бир кардардын муктаждыктарына жана өзгөчөлүктөрүнө багытталууга өтүүнү билдирди. Буга байланыштуу МКЮЖ системасын кардарга багытталган катары баалоого болот. МКЮЖду калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн сапаттуу жаңы этабы 2022-жылдын 10-августундагы № 91 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматын (мындан ары - ЮЖК) түзүү менен башталды. Бул Мыйзам жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын реформалоонун алкагында колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирилген, анда КУЖ субъекттери такталган, МКЮЖ жаңы субъекти - "параюристтер" киргизилди, жарандык жана административдик иштер боюнча КЮЖ көрсөтүү механизми киргизилди, КЮЖ алуучулардын чөйрөсү кеңейтилди, ага үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар, адамды сатуунун курмандыктары, турмуштук оор кырдаалдагы балдар ж.б. киргизилди. Ошентип МКЮЖ системасы кыйла сапаттуу сервистин жардамы менен кардарлардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн умтулуунун эсебинен кардарлардын муктаждыктарына көбүрөөк жооп бере баштады. Талдоо көрсөткөндөй МКЮЖга болгон муктаждык жылдан жылга өсөт. Алсак, биринчи инстанцияда соттор караган иштердин саны жылдан жылга көбөйүүдө, эгерде 2020-жылы 74995 болсо, 2021-жылы 89945 (+20%) болгон. Анын үстүнө алардын көпчүлүк бөлүгү жарандык иштерге туура келет (80%га жакыны). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - Улутстатком) маалыматтарына ылайык кылмыштуулуктун өсүшү байкалууда, 2022-жылы КБРде катталган кылмыштардын саны 7,3 миң же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,4%га көп. Улутстаткомдун маалыматтары боюнча жакыр калктын саны жылдан жылга өсүүдө жана 2021-жылы 2244310 адамды (калктын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн) түздү. Бул 2021-жылы калктын 33,3%ын түзгөн жакырчылык чегинен төмөн керектөө чыгымдары бар калктын саны жөнүндө маалыматтар менен ырасталат. 2021-жылы пенсия жана социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 3,8%га өсүп, 1,2 млн. адамды түздү. Акыркы жылдары өтө жакыр калктын саны көбөйүп, 407 миң адамды түздү, ал эми 2022-жылы КЮЖ 16098 адамга, башкача айтканда калктын 0,23%ына көрсөтүлгөн. Бул процесстердин бардыгы калктын МКЮЖ үчүн кайрылуусунун көбөйүшүн болжолдойт.
2. Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2.1. МКЮЖ чөйрөсүндөгү иштин жетишкендиктери жана натыйжалары
МКЮЖга болгон укук Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген, ал 2012-жылдын 20-декабрындагы 60-пленардык жыйында Башкы ассамблеянын 67/187 резолюциясы менен кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) кылмыш-жаза сот адилеттиги системаларында юридикалык жардамга жеткиликтүүлүккө тиешелүү принциптери жана жетектөөчү жоболору менен сунушталган. МКЮЖ чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдар эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, анын ичинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка; "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын түрлөрүн натыйжалуу иликтөө жана документтештирүү боюнча колдонмо" Стамбул протоколуна, Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияга, Аялдардын укуктары жөнүндө конвенцияга, Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга жана башкаларга толук шайкеш келет. Белгилүү функцияларды аткаруу үчүн ЮЖКнын курамында үч регион аралык башкармалык иштейт, республиканын ар бир районунда ЮЖКнын кеңселерин түзүүнүн үстүндө иштер улантылууда. МКЮЖ системасынын коммерциялык эмес уюмдар (мындан ары - КЭУ), анын ичинде Юридикалык клиникалар ассоциациясы сыяктуу субъекттер менен өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Алгачкы (консультациялык-укуктук) юридикалык жардам. 2022-жылы укуктук консультациялар үчүн 44,5 миң адам кайрылган, аларга 45,9 миң учурда консультация берилген. Аялдар 23,8 миң учурда, эркектер 20,7 миң учурда укуктук консультация алышкан. Түзүмдө укуктук консультацияларды алган Кыргыз Республикасынын жарандары 94,7%ды, чет өлкөлүк жарандар 5%ды, жарандыгы жок адамдар 0,11%ды түздү. КУЖ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 309 адамга; 952 балага; 12,6 миң жумушсузга; 15,5 миң иштеген адамга; 9,1 миң пенсионерге; 5,9 миң аз камсыз болгондорго берилди. 2022-жылдын декабрында калк үчүн Акысыз юридикалык жардам декадасы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 7,2 миң адамга консультациялык жардам көрсөтүлдү. "Тилектештик автобусу" акциясынын жүрүшүндө республиканын алыскы аймактарына, Ош, Нарын жана Чүй облустарынын алыскы райондоруна барып 1,2 миңден ашуун консультация берилди. 2023-жылдын январында "114 ишеним телефону" иштеп баштады, ал күн сайын онлайн укуктук консультацияларды алууга мүмкүндүк берет. Экинчи (квалификациялуу) юридикалык жардам. 2022-жылдын 12 айында МКЮЖ алкагында КУЖ 16миңадамга (2021-жылы 13,7 миң адам) берилип, өсүш 17,2%ды түздү. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө КЮЖ 13 миң учурда көрсөтүлгөн (2021-жылы -10,6 миң), ошентип өсүш +22,8%ды түздү. КЮЖ жарандык жана административдик сот өндүрүшү чөйрөсүндө 3 миң учурда көрсөтүлгөн. Балдардын кызыкчылыгында көрсөтүлгөн КЮЖдун салыштырма салмагы 9%дан ашыкты түздү, 2021-жылдын декабрынын аягында 8%, балдардын кызыкчылыгында жарандык жана административдик сот өндүрүшү чөйрөсүндө отчеттук мезгилде 18%ды түздү. 2022-жылы МКЮЖ системасынын адвокаттары кызыкчылыктарын коргогон 10дон ашык адамга карата соттор тарабынан актоо өкүмдөрү жана алуучулардын пайдасына чечимдер чыгарылган. 2022-жылдын 12-айында Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине 55 адвокат кирип, 22си чыгарылган. МКЮЖ реестринин адвокаттары менен КЮЖ түзгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган МКЮЖ системасында кылмыш-жаза, жарандык жана административдик иштер боюнча КЮЖ көрсөткөн адвокаттардын ишинин сапатынын стандарттарын (мындан ары - Стандарттар) киргизүүнүн эсебинен МКЮЖ алкагында көрсөтүлүүчү КЮЖдун сапаты жогорулады. Стандарттарды киргизүүдөн тышкары сапатка адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу жана адистештирүүнү киргизүү да таасир этет. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыш иштери боюнча МКЮЖ системасынын 170тен ашык адвокаты окуудан өттү. 2022-жылдын ноябрынан тартып МКЮЖ системасынын адвокаттарын адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоо боюнча активдүү окутуу башталды, анда бүткүл республика боюнча МКЮЖдун 60 адвокаты окуудан өттү. Балдардын укуктарын коргоо боюнча окуудан 160 адвокат өткөн. МКЮЖ системасынын адвокаттары үчүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоо тууралуу иштер боюнча укуктарды коргоо боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча колдонмолор иштелип чыкты жана бекитилди. ЮЖКнын электрондук окутуу платформасы иштелип чыккан жана ишке киргизилген, анда балдарга алгачкы укуктук жардам көрсөтүү, адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоо, МКЮЖ мыйзамдары боюнча базалык курс, 114 тынымсыз байланыш операторлору үчүн электрондук модулдар жайгаштырылган. ЮЖКнын координатору тарабынан адвокаттарды тез жана өз убагында дайындоо үчүн КЮЖдун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - АМС) түзүлгөн жана иштей баштаган. 2022-жылы МКЮЖ алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттарга 75035,1 миң сом өлчөмүндө сумма төлөнгөн, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу - 52479,2 миң сом төлөнгөн, өсүш 31%дан ашты.
2.2. МКЮЖ чөйрөсүндөгү көйгөйлөр
МКЮЖдун колдонуудагы системасын талдоо көрсөткөндөй, ал МКЮЖ алуучулардын муктаждыктарын камсыздоого толук багыттала элек. Негизги көйгөйлөрдү бир нече блокко бөлүүгө болот: КУЖ көрсөтүү маселелери, КЮЖ көрсөтүү маселелери, укуктук агартуу, МКЮЖ чөйрөсүндө калктын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу маселелери жана МКЮЖ системасын башкаруудагы көйгөйлөр.
2.2.1. КУЖду көрсөтүүдөгү көйгөйлөр
2.2.1.1. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары -ЖӨБО) өз компетенциясынын чегинде КУЖ көрсөтүүчү субъекттер болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ЮЖКга КУЖ көрсөтүүнүн бирдиктүү практикасын түзүү максатында МКЮЖ субъекттеринин юридикалык жардам көрсөтүүсүн координациялоо функциясы жүктөлгөн. Бул мыйзамды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 4-майындагы № 241 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган, буга байланыштуу КУЖ субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүнө мониторинг жүргүзүү зарыл.
2.2.1.2. Ошол эле Мыйзам менен жаңы субъект, КУЖ көрсөтүү укугуна ээ - параюристтер киргизилген. Бирок параюристтердин ишин укуктук регламенттөөнүн механизми иштелип чыккан эмес. Өздөрүн параюристтер катары көрсөткөн көп сандагы адамдардын пайда болушун алдын алуу үчүн жана сапатсыз КУЖ берилишин болтурбоо максатында тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынат.
2.2.1.3. МКЮЖ субъекттеринин сапаттуу КУЖ көрсөтүүсү талаш маселелерди чечүү үчүн укук коргоо жана сот органдарына кайрылуулардын санын кыскартат. Бирок бул аспектке КУЖ көрсөтүү стандарттарынын жоктугу, КУЖ көрсөтүүнүн бирдиктүү практикасынын жоктугу, КУЖ көрсөтүү процессин көзөмөлдөөнүн татаалдыгы, МКЮЖ системасынын ар кандай субъекттеринде "кайра байланыш" механизминин жоктугу, МКЮЖ субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн начардыгы, КУЖ көрсөтүүчү адистердин тез-тез алмашуусу терс таасир этет.
2.2.1.4. Айрым алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде КУЖ алуу үчүн тиешелүү адистердин саны жетишсиз же толугу менен жок.
2.2.1.5. Майыптыгы бар адамдарга жана башка социалдык жактан аялуу адамдарга - кайрылган учурдан тартып көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу даражасына мониторинг жүргүзүүгө чейин КУЖ көрсөтүү методикасы жок.
2.2.2. КЮЖ көрсөтүүдөгү көйгөйлөр
2.2.2.1. КЮЖду көрсөтүүнүн негизги көйгөйү МКЮЖ реестринде адвокаттардын санынын жетишсиздиги болуп саналат. Адвокаттардын МКЮЖ системасында иштөөнү каалабагандыгынын себептери төмөнкүлөр: квалификациялуу юридикалык жардамды ("про боно") акысыз көрсөтүүнү каалаган адвокаттар үчүн сыйлоо системасы жок; МКЮЖ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен аныкталган дем берүүнүн колдонуудагы системасы адвокаттарды тартууга толук шарт түзө элек.
2.2.2.2. КЮЖ көрсөтүүнүн көп жылдык тажрыйбасы ыйгарым укуктуу органга жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына белгилүү бир сандагы даттануулардын болушуна байланыштуу КЮЖдун сапатын баалоону автоматташтырууну жана санариптештирүүнү талап кылат.
2.2.3. МКЮЖ чөйрөсүндө калкты укуктук агартуу, укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу көйгөйлөрү
2.2.3.1. Негизги массасы талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмалары (медиация, аксакалдар соттору ж.б.) жөнүндө маалыматка ээ болбогон жана эреже катары келип чыккан көйгөйлөрдү сот тартибинде чечүүнү каалаган калктын жетишсиз маалымдуулугу. Аларга МКЮЖ системасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук маалымдалган эмес.
2.2.3.2. МКЮЖ системасынын субъекттеринин укуктук агартуу чөйрөсүндө системалуу негизде жүргүзүлбөгөн иши жетишсиз. Укуктук маалымат дайыма эле так жана ыңгайлуу түрдө берилбейт.
2.2.4. МКЮЖ системасын башкаруу көйгөйлөрү
2.2.4.1. МКЮЖ субъекттеринин ишин координациялоо жетиштүү деңгээлде ишке ашырылбай жатат. Бул МКЮЖ жөнүндө Мыйзамдын ченемдерин аткаруу механизминин иштебегендиги менен түшүндүрүлөт, бул чөйрөдө тажрыйбанын, тиешелүү көндүмдөрдүн жана билимдердин болбогондугу, тиешелүү адистердин жоктугу, процессти санариптештирүүнүн жана автоматташтыруунун начардыгы менен көрсөтүлөт.
2.2.4.2. Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО МКЮЖ жөнүндө Мыйзамга ылайык МКЮЖ субъекттери болуп саналат, бирок азыркы учурда Мыйзамдын тиешелүү ченемдеринин жоболору жана алардын өз ара аракеттенүү тартиби жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүүдө. Кайра багыттоо механизми иштебейт, маморгандар, ЖӨБО жана ЮЖК ортосунда кайра байланыш, статистикалык маалыматтарды талдоо жок, бул калктын МКЮЖга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн маалыматтарды топтоону болжолдоого мүмкүндүк бербейт. Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси дагы бир көйгөй болуп саналат.
2.2.4.3. ЮЖКнын сапатын жогорулатуу, адвокаттарды МКЮЖ реестрине тартуу, адвокаттардын ишинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, "про боно" акысыз укуктук жардам көрсөткөн адвокаттарга дем берүү жана сыйлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен өз ара аракеттенүү тийиштүү деңгээлде жөнгө салынган эмес.
2.2.4.4. МКЮЖ системасынын бардык субъекттерин автоматташтыруу жана санариптештирүү МКЮЖ ыкчам жана сапаттуу көрсөтүү үчүн жетишсиз өнүккөн.
3. МКЮЖ системасын өнүктүрүүнүн максаты
Бул Программанын максаты тиешелүү чараларды көрүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасында МКЮЖ системасы кардарга багыт алууга тийиш, башкача айтканда МКЮЖ алуучулардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырууга багытталат. Кардарларга багыт алууга өтүү - алуучу менен өз ара мамилелердин алардын аң-сезимдүү жана аң-сезимсиз муктаждыктарына, ошондой эле типтүү жана экстремалдык жүрүм-турумуна негизделген үзгүлтүксүз жакшыртуу процесси. МКЮЖнын кардарларга багыт алуу системасы ар кандай алуучулар үчүн катуу алкаксыз, өзүн төмөн сезбегендей арналууга тийиш. Ошону менен бирге мындай системада алуучу өзү да өнүгүшү керек. Алуучулардын кайтарым байланышынын жардамы менен каталарды, потенциалдуу тобокелдиктерди жана системанын үзгүлтүктөрүн аныктоо, ошондой эле алардын көз карашы боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты үчүн маанилүү болгон негизги көрсөткүчтөрдү аныктоо зарыл. Системанын кардарларга багыт алуу даражасы процесстин ар бир этабында алуучуга канчалык көңүл бурулгандыгына жараша болушу керек. Кардарга багыт алуу, максаттуу түрдө калыптанган жана алуучунун жыргалчылыгы үчүн системаны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маданий баалуулук болууга тийиш.
4. МКЮЖ системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
4.1. Кардарга багыт алууга өтүү
МКЮЖ системасы кардар менен өз ара мамилелерди дайыма жакшыртуу процессин жүргүзүү үчүн анын керектөөлөрүнө жооп бергендей түзүлүүгө жана иштөөгө тийиш. Кардарга ылайыктуулук принциптери төмөнкүлөр болушу керек;
- түшүнүүнүн жөнөкөйлүгү (иш процесстеринин параметрлери, алардын тажрыйбасы жана натыйжалуулугу алуучулардын түшүнүгүндөгү терминдерде берилет);
- кеңири жеткиликтүүлүк (географиялык, юридикалык, техникалык ж.б.);
- кардардын тажрыйбасын эсепке алуу (адамдар сөзгө караганда иш-аракеттерге көбүрөөк ишенет, кандай болбосун процессте кызматкерлер кардардын көзү менен карайт);
- кардардын стрессинин деңгээлин азайтуу (адамдар жол-жоболордон маанилүү);
- кардардын максаттарына жетүүсүнө көмөктөшүү;
- кардардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү.
4.2. Комплекстүүлүк
МКЮЖ системасы укуктук маданиятты калыптандыруу, горидикалык консультацияларды алуу көндүмдөрүнө окутуу (юридикалык терминологияны минималдуу билүү ж.б.), маселелерди укуктук жол менен гана эмес чечүү (медиациянын, аксакалдар сотторунун, бейтарап соттордун жардамы менен, укук коргоо жана сотко кайрылуу жолу менен гана эмес) максатында калкка ырааттуу таасир көрсөтүүгө тийиш.
4.3. Жеткиликтүүлүк
Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар үчүн МКЮЖ системасы аны республиканын кандай болбосун калктуу пунктунда юридикалык маселе боюнча, анын ичинде тилдерди билүүсүн эске алуу менен техникалык каражаттар аркылуу, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын жана мигранттардын алуусун камсыздоого тийиш.
4.4. Натыйжалуулукту жана сапатты камсыз кылуу
МКЮЖ сапатын жардамдын бул түрү кардардын сапат стандарттарынын чегинен чыкпаган негиздүү күтүүлөрүнө ылайык келүү даражасы деп түшүнүү керек. МКЮЖ көрсөтүүнүн башкы принциби - "зыян келтирбе".
4.5. Ишенимдүүлүк жана туруктуулук
МКЮЖ системасынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун анын жагымсыз шарттарда да (мыйзамдарды өзгөртүү, каржылоону, адам ресурстарын кыскартуу ж.б.) иштөөсүн улантуу касиети деп түшүнүү керек.
4.6. Мониторинг жана баалоо
Мониторинг жана баалоо системасы МКЮЖ системасына билдирилген максаттарга жана милдеттерге ылайык келүү даражасын көрсөтүүгө тийиш.
4.7. Координациялоо
МКЮЖ көрсөтүүнү координациялоо ал бүткүл аймак боюнча жана бардык субъекттер тарабынан алуучулардын кызыкчылыгында бирдей көрсөтүлүшү, процесс натыйжалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү, алыскы райондордо аутсорсинг (мамсоцзаказ) колдонулушу үчүн жүзөгө ашырылууга тийиш.
4.8. Персоналдын компетенциясынын деңгээлин жогорулатуу
Бул учурда компетенция деп МКЮЖ системасынын субъекттеринин жөндөмдүүлүктөрүн, жеке сапаттарын жана дем берүүсү рационалдуу айкалышын түшүнүү зарыл. Субъекттердин жарандардын айрым категорияларынын (майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдар, адамдарды сатуунун курмандыктары ж.б.) өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен маданий жана билим деңгээлин, билиминин көлөмүн туруктуу жогорулатуу, кесиптик көндүмдөрүн жана иш тажрыйбасын арттыруу, гендердик сезимталдыкты, демилгелүүлүктү, коммуникабелдүүлүктү өнүктүрүү үчүн чаралардын комплексин иштеп чыгуу талап кылынат.
4.9. Автоматташтыруу жана санариптештирүү
МКЮЖ чөйрөсүндө төмөнкүлөргө өбөлгө түзүүчү ушундай технологияларды киргизүу зарыл:
- бизнес-процесстерди максималдуу автоматташтыруу;
- ар кандай критерийлер боюнча, анын ичинде гендердик дезагрегирленген маалыматтар боюнча статистикалык маалыматтарды талдоо;
- кардарларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болгон.
5. МКЮЖ системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын ар бири боюнча милдеттер жана чаралар (аракеттер)
5.1. Милдеттер
Ушул Программанын милдеттери төмөнкүлөр:
- КУЖ көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо;
- КЮЖ сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- калкка укуктук маалымат берүүнүн деңгээлин жогорулатуу;
- МКЮЖ башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
5.2. КУЖ көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо боюнча чаралар
5.2.1. КУЖ учурдагы абалына мониторинг жүргүзүү
5.2.1.1. КУЖ мониторинг жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу.
5.2.1.2. КУЖ көрсөтүүнү мониторингдөө процессин жүргүзүү.
5.2.1.3. Сунуштар жана сунуштамалар менен учурдагы кырдаалды талдоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча даярдоо.
5.2.2. Параюристтердин статусун жана ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны түзүү
5.2.2.1. Бул маселе боюнча башка өлкөлөрдүн оң тажрыйбаларын иликтөө боюнча изилдөө жүргүзүү.
5.2.2.2. Өздөрүн параюрист катары көрсөткөн адамдарга мониторинг жүргүзүү.
5.2.2.3. Параюристтер институтун өнүктүрүү боюнча концепцияны түзүү жана иштеп чыгуу, кызыкдар адамдар менен талкуулоо, сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүү.
5.2.2.4. Параюристтердин ишинин укуктук негизин түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу (концепцияга ылайык).
5.2.2.5. Параюристтер үчүн окутуу модулдарын, анын ичинде электрондук дагы модулдарды иштеп чыгуу.
5.2.2.6. Параюристтер үчүн окутуу иш-чараларынын сериясын өткөрүү.
5.2.3. КУЖ көрсөтүү процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны түзүү
5.2.3.1. КУЖ көрсөтүүнүн сапатынын стандарттарын түзүү жана иштеп чыгуу, кызыкдар адамдар менен талкуулоо, сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүү, документти кабыл алуу.
5.2.3.2. МКЮЖ субъекттери үчүн гендердик сезгич окуу модулдарын жана тренингдерди анын ичинде электрондук түрдө иштеп чыгуу.
5.2.3.3. МКЮЖ субъекттери үчүн окутуу иш-чараларынын сериясын өткөрүү.
5.2.3.4. МКЮЖ субъекттеринин КУЖ көрсөтүүлөрүн баалоо методологиясын иштеп чыгуу.
5.2.4. Алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде КУЖ көрсөтүү үчүн адистерди тартуу механизмин түзүү
5.2.4.1. Актуалдуу маалыматты, анын ичинде майыптыгы бар адамдын ар бир категориясы үчүн физикалык жеткиликтүүлүк деңгээли жөнүндө маалыматты киргизүү менен юридикалык жардам көрсөтүүчүлөрдүн картасын жаңыртуу.
5.2.4.2. Колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын алкагында алыскы региондордо КУЖ көрсөтүүчү жаш юристтердин ишине түрткү берүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө.
5.2.5. Майыптыгы бар адамдардын конкреттүү категориялары жана калктын башка социалдык аялуу катмары үчүн КУЖ көрсөтүү методикасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
5.2.5.1. Майыптыгы бар адамдардын конкреттүү категориялары жана калктын башка социалдык аялуу катмары үчүн - кайрылган учурдан тартып көрсөтүлгөн жардамга канааттануу даражасына мониторинг жүргүзүүгө чейин КУЖ көрсөтүү методикасын иштеп чыгуу.
5.2.5.2. КУЖ көрсөтүү методикасын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо.
5.2.5.3. КУЖ көрсөтүү методикасы боюнча окуу курстарын иштеп чыгуу.
5.2.5.4. Мамлекеттик органдардын, ЖӨБО жана МКЮЖ системасынын башка субъекттеринин жооптуу адамдары үчүн окутуу иш-чараларынын сериясын өткөрүү.
5.3. Алыскы региондордо квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына жана анын жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо
5.3.1. Адвокаттарды тартуунун ырааттуу системасын түзүү: МКЮЖ реестриндеги адвокаттардын санын көбөйтүүдөн баштап жалпы мамлекеттик реестрде турган бардык адвокаттардын КЮЖ көрсөтүү деңгээлине чейин
5.3.1.1. Мамлекеттин, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, жеке жактардын, адвокаттардын жана алардын коомчулуктарынын катышуу маселелерин чагылдыруу менен дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндөгү акысыз юридикалык жардамдын формалары жөнүндө изилдөө жүргүзүү.
5.3.1.2. Кыргыз Республикасында пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө карата ар түрдүү өлкөлөрдө колдонулуучу КЮЖ моделдерин, атап айтканда юридикалык жардам көрсөтүүчүлөрдү түзүү системасын, контракттык системаны ж.б. колдонууну изилдөө.
5.3.1.3. Медиаторлордун МКЮЖ көрсөтүү процесстерине, анын ичинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуу жөнүндө маселени изилдөө.
5.3.2. Жарандык жана административдик иштер боюнча чөйрөсүндө, өзгөчө алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде КЮЖ көрсөтүү үчүн юристтерди, КЭУ тартуу механизмин түзүү
5.3.2.1. Алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде жарандык жана административдик иштер боюнча адвокаттардын КЮЖ көрсөтүүсүн кайра кароо боюнча гана "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу.
5.3.2.2. Ушул Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү.
5.3.2.3. Юридикалык жардам көрсөтүүчүлөрдүн картасынын негизинде алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде жарандык жана административдик иштер боюнча КЭУга МКЮЖ реестринде турбаган юристтерди, КЭУ жана адвокаттарды тартуу жөнүндө, конкурстук тандоо тууралуу жобону иштеп чыгуу.
5.3.2.4. Конкурстук тандоону өткөрүү жана уткан катышуучулар менен жарандык жана административдик иштер боюнча КЮЖ көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү.
5.3.3. Көрсөтүлүүчү КЮЖ сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун туруктуу иштөөчү системасын түзүү
5.3.3.1. КЮЖ көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун методологиясын иштеп чыгуу.
5.3.3.2. Иштин бардык категориялары боюнча КЮЖ көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо процессин жүргүзүү.
5.3.3.3. КЮЖ сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды мониторинг жүргүзүүнүн жана сапатын баалоонун натыйжалары боюнча иштеп чыгуу.
5.4. Калкка укуктук маалымат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу
5.4.1. МКЮЖ системасынын субъекттерине калкка сапаттуу укуктук маалымат берүүгө көмөктөшүү
5.4.1.1. Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан өз компетенцияларынын алкагында маалыматтарды сайттарда, социалдык тармактардагы баракчаларда алып барууга мониторинг жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу, маалыматтык ресурстарды жана МКЮЖ системасынын субъекттеринин аралыктан өз ара аракеттенүү технологияларын экспертизалоо менен кыйла көп берилүүчү суроолор боюнча жооптордун рубрикаларын "КМС ГОСТ Р 52872-2021 стандартына шайкеш жүргүзүү. Интернет-ресурстар жана электрондук-санарип түрүндө берилген башка маалыматтар. Стационардык жана мобилдик түзүлүштөр үчүн тиркемелер, башка колдонуучу интерфейстер. Майыптыгы бар адамдар жана жашоо-тиричилиги чектелген башка адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптары".
5.4.1.2. МКЮЖ субъекттеринин КЮЖ көрсөтүүсүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү.
5.4.1.3. Сунуштар жана сунуштамалар менен учурдагы кырдаалды талдоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча даярдоо.
5.4.1.4. Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго өз компетенцияларынын алкагында актуалдуу укуктук маалыматы менен сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды жүргүзүү, кыйла көп берилүүчү суроолор боюнча жооптордун рубрикаларын жүргүзүү маселелери боюнча, калктын кызыкчылыктарынын жана муктаждыктарынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен укуктук маалыматты түшүнүктүү жана ыңгайлуу формада даярдоо методикасы жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу.
5.4.1.5. МКЮЖ чөйрөсүндө калктын укуктук маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин өлчөө боюнча изилдөөлөрдү уюштуруу, анын ичинде:
- региондор боюнча;
- калктын ар түрдүү категориялары боюнча (жынысы, курагы, шаар/айыл, билим деңгээли).
5.4.1.6. МКЮЖ чөйрөсүндө калктын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды (декадаларды, мобилдик консультацияларды ж.б.), системалуу негизде (баруулардын бекитилген графиктери, иш-чаралардын пландары ж.б.) мамлекеттик органдардын, ЖӨБО, КЭУ, адвокаттардын жана МКЮЖ системасынын башка субъекттеринин катышуусу менен өткөрүү.
5.5. МКЮЖ башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу
5.5.1. КУЖ боюнча бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү
5.5.1.1. Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системанын (мындан ары - АМС) алкагында КУЖ процессин натыйжалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн инструменттердин топтомун караган КУЖ координациялоо системасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (КУЖ алуучуну кайра багыттоо зарыл болгон учурда КУЖ кабыл алуу, көрсөтүү, ошондой эле кайтарым байланышты алуу тартиби).
5.5.1.2. МКЮЖ жөнүндө Мыйзамды ишке ашыруу максатында "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча АМС түзүү жана ишке киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу.
5.5.2. Адвокатура менен КЮЖ сапатын жогорулатууга багытталган өз ара аракеттенүү механизмин түзүү
5.5.2.1. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын бардык адвокаттары тарабынан милдеттүү тартипте алуучулардын белгилүү санына КЮЖ көрсөтүүнүн башка моделдерин пайдалануу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.
5.2.2.2. Жогоруда аталган мыйзамдарды ишке ашыруу максатында мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу (кабыл алынган учурда).
5.5.2.3. Мыйзам долбоорлору жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкуулоолорду уюштуруу жана өткөрүү.
5.6.3. МКЮЖ системасын автоматташтырууну жана санариптештирүүнү андан ары активдүү илгерилетүүгө көмөктөшүү
5.6.3.1. Мамлекеттик органдардын, сот системасынын, прокуратуранын (кылмыштардын бирдиктүү регистри), укук коргоо органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, пробациянын, ЮЖКнын АМСтерин синхрондоштуруу жана алардын өз ара аракеттенүүсү үчүн программалык инструменттерди иштеп чыгуу.
5.6.3.2. Кыйла көп кайталануучу суроолордун, кол менен жасалган жана кайталануучу тапшырмалардын, көлөмдүү тапшырмалардын, көп системалуу тапшырмалардын негизинде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде колдонуу процесстерин автоматташтыруу үчүн виртуалдык программалык (санариптик) ботторду колдонгон бизнес-процесстерди автоматташтырууну иштеп чыгуу.
6. МКЮЖ системасын өнүктүрүүнүн күтүлүүчү натыйжалары
6.2.1. КУЖ көрсөтүүнүн учурдагы абалына мониторинг жүргүзүү
6.2.1.1. КУЖ көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү методологиясы иштелип чыкты жана бекитилди.
6.2.1.2. КУЖ көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү процесси ишке ашырылууда.
6.2.1.3. Башкаруучулук чечимдер сунуштар жана рекомендациялар менен учурдагы кырдаалды талдоого мониторинг жүргүзүүнүн негизинде кабыл алынат.
6.2.2. Параюристтердин статусун жана ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны түзүү
6.2.2.1. Изилдөөлөр жүргүзүлдү жана жарыяланды.
6.2.2.2. Параюристтерди талдоо ("портрети") даярдалды.
6.2.2.3. Параюристтер институтун өнүктүрүү боюнча концепция бекитилди.
6.2.2.4. Тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлдү.
6.2.2.5. Параюристтер үчүн окуу модулдары (анын ичинде электрондук) даярдалды жана бекитилди.
6.2.2.6. Параюристтер үчүн окутуу иш-чаралары график боюнча жүргүзүлүүдө.
6.2.3. КУЖ көрсөтүү процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны түзүү
6.2.3.1. КУЖ көрсөтүү сапатынын стандарттары белгиленген тартипте бекитилди.
6.2.3.2. Гендердик сезгич окутуу модулдары (анын ичинде электрондук модулдар) бекитилди, МКЮЖ субъекттери үчүн тренингдер өткөрүлдү.
6.2.3.3. МКЮЖ субъекттери үчүн окутуу иш-чараларынын сериясы график боюнча өткөрүлдү.
6.2.3.4. МКЮЖ субъекттери тарабынан КУЖ көрсөтүүнү баалоо методологиясы бекитилди.
6.2.4. Алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде КУЖ көрсөтүү үчүн адистерди тартуу механизмин түзүү
6.2.4.1. Юридикалык жардам көрсөтүүчүлөрдүн картасы актуалдуу маалыматты киргизүү менен дайыма жаңыланууда.
6.2.4.2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилигине алыскы региондордо КУЖ көрсөткөн жаш юристтердин ишине дем берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштар киргизилди.
6.2.5. Майыптыгы бар адамдардын конкреттүү категориялары жана калктын социалдык жактан аялуу башка катмарлары үчүн КУЖ көрсөтүү методикасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
6.2.5.1. Майыптыгы бар адамдардын конкреттүү категориялары жана калктын социалдык жактан аялуу башка катмарлары үчүн КУЖ көрсөтүү методикасы даярдалды жана бекитилди.
6.2.5.2. КУЖ көрсөтүү методикасын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлдү.
6.2.5.3. КУЖ көрсөтүү методикасы боюнча окуу курстары бекитилди.
6.2.5.4. Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жана МКЮЖ системасынын башка субъекттеринин жооптуу адамдары үчүн окутуу иш-чараларынын сериясы график боюнча өткөрүлдү.
6.3. Квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, алыскы региондордо анын жеткиликтүүлүгү
6.3.1. Адвокаттарды тартуунун ырааттуу системасын түзүү: МКЮЖ реестриндеги адвокаттардын санын көбөйтүүдөн баштап жалпы мамлекеттик реестрде турган бардык адвокаттардын КЮЖ көрсөтүү деңгээлине чейин
6.3.1.1. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү акысыз юридикалык жардамдын формалары жөнүндө изилдөө даярдалды жана жарыяланды.
6.3.1.2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ар кайсы өлкөлөрдө колдонулуучу КЮЖ моделдери боюнча сунуштар киргизилди.
6.3.1.3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине МКЮЖ көрсөтүү процесстерине катышуу жөнүндө сунуштар киргизилди.
6.3.2. Жарандык жана административдик иштер боюнча коргоо чөйрөсүндө, айрыкча алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде КЮЖ көрсөтүү үчүн юристтерди, КЭУну тартуу механизмин түзүү
6.3.2.1. Алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде жарандык жана административдик иштер боюнча адвокаттар тарабынан гана КЮЖ көрсөтүүнү кайра кароо боюнча "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлдү.
6.3.2.2. Мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуулоо уюштурулду жана өткөрүлдү.
6.3.2.3. Жарандык жана административдик иштер боюнча юристтерди, КЭУну жана МКЮЖ реестринде катталбаган адвокаттарды алыскы жерлерде жана жабык типтеги мекемелерде КЮЖга тартуу жана конкурстук тандоо жөнүндө жобо белгиленген тартипте бекитилди.
6.3.2.4. Конкурстук тандоо жүргүзүлдү, жеңип чыккан катышуучулар менен жарандык жана административдик иштер боюнча КЮЖ көрсөтүү жөнүндө келишимдер түзүлдү.
6.3.3. КЮЖ көрсөтүү сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун туруктуу иштөөчү системасын түзүү
6.3.3.1. КЮЖ көрсөтүү сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясы бекитилди.
6.3.3.2. Башкаруучулук чечимдер КЮЖ көрсөтүү сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо маалыматтарынын негизинде даярдалат.
6.3.3.3. Мониторингдин жана сапатты баалоонун натыйжалары боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгууда.
6.4. Калкка укуктук маалымат берүүнүн деңгээлин жогорулатуу
6.4.1. МКЮЖ системасынын субъекттерине калкка сапаттуу укуктук маалымат берүүгө көмөктөшүү
6.4.1.1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды жүргүзүүсүнүн мониторингинин методологиясы бекитилди жана практикада колдонулууда.
6.4.1.2. МКЮЖ субъекттери тарабынан КЮЖны көрсөтүү сапатына мониторинг жүргүзүлүүдө.
6.4.1.3. Сунуштар жана рекомендациялар менен учурдагы кырдаалды талдоо ЮЖКнын жетекчилигинин кароосуна квартал сайын киргизилүүдө.
6.4.1.4. Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды жүргүзүү маселелери боюнча методикалык көрсөтмөлөр бекитилди жана колдонууда.
6.4.1.5. МКЮЖ чөйрөсүндөгү калктын укуктук маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин өлчөө боюнча изилдөөлөр график боюнча жүргүзүлүүдө.
6.4.1.6. МКЮЖ чөйрөсүндө калктын укуктук маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар график боюнча жүргүзүлүүдө.
6.5. МКЮЖ башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу
6.5.1. КУЖ боюнча бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү
6.5.1.1. КУЖ процессин натыйжалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн инструменттердин топтомун караган КУЖ координациялоо системасы боюнча сунуштар иштелип чыкты жана эске алынды.
6.5.1.2. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча АМСти түзүү жана ишке киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди.
6.5.2. Адвокатура менен КЮЖ сапатын жогорулатууга багытталган өз ара аракеттенүү механизмин түзүү
6.5.2.1. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ЧУА долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди.
6.5.2.2. Жогоруда аталган мыйзамдарды ишке ашыруу максатында мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди.
6.5.2.3. Мыйзам долбоорлору жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук угуулар уюштурулду жана өткөрүлдү.
6.6.3. МКЮЖ системасын автоматташтырууну жана санариптештирүүнү андан ары активдүү илгерилетүүгө көмөктөшүү
6.6.3.1. Мамлекеттик органдардын, сот системасынын, прокуратуранын АМСтерин синхрондоштуруу жана алардын өз ара аракеттенүүсү үчүн программалык инструменттер иштелип чыкты жана практикада колдонулууда.
6.6.3.2. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде колдонуу процесстерин автоматташтыруу үчүн виртуалдык программалык (санариптик) боттор кыйла көп кайталануучу суроолордун негизинде иштелип чыкты жана ишке киргизилди.
7. Жагымдуу өбөлгөлөр, чакырыктарды, коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо, ошондой эле финансылык ресурстар
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин МКЮЖ системасын өнүктүрүү боюнча программасы МКЮЖ чөйрөсүндөгү конституциялык ченемдерди ишке ашырууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында баяндалган мамлекеттин кепилдиктери кыйла сапаттуу деңгээлде ишке ашырылат, бул жарандарга өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын кыйла толук коргоого мүмкүндүк берет. Бул программанын жаңылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте андан ары туруктуу өнүгүү менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын бардык категориялары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар үчүн кыйла сапаттуу юридикалык жардамды берүүгө чечкиндүү өтүү болуп эсептелет. Пландаштырылган чараларды ишке ашыруу коомдун консолидациясына жана жарандардын мамлекетке болгон ишенимин арттырууга жөндөм түзөт. Иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө калктын көргөн социалдык пайдасы барган сайын өсүп, социалдык чыңалуу басаңдай бермекчи. Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун натыйжасында тобокелдиктердин жана коркунучтардын келип чыгуусу күтүлбөйт. Ушул Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык ресурстар жалпысынан республикалык бюджеттен бөлүнгөн суммалардын алкагына туура келет. Кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын бул чөйрөдө жүргүзгөн чараларын колдогон донордук коомчулуктан күтүлүүдө. Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
АМС
-
автоматташтырылган маалыматтык система;
МКЮЖ
-
мамлекет кепилдеген юридикалык жардам;
КУЖ
-
консультациялык-укуктук жардам;
КЮЖ
-
квалификациялуу юридикалык жардам;
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
БУУ
-
Бириккен Улуттар Уюму;
ЮЖК
-
Юридикалык жардам кызматы;
АЮЖБ
-
акысыз юридикалык жардам борбору;
МКЮЖ КБ
-
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору.
Терминдердин глоссарийи
Адвокат - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны. Адвокатура - Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу. Гендердик сезгичтик - жынысы боюнча басмырлоо негизинде камтылган социалдык-маданий факторлорду түшүнүү жана эске алуу. Бул инструменттер топтому интервенциянын же кызмат көрсөтүүнүн аялдардын, эркектердин жана башка топтордун муктаждыктарына кандайча таасир тийгизгендигин жана эске алгандыгын байкоого жардам берет. Мисалы, гендердик-сезгич пландоо аялдарга жана кыздарга өнүгүү процессине көбүрөөк катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана пландаштырылган иш-аракеттердин аялдар менен эркектерге тийгизген таасирин өлчөө үчүн атайын методдорду жана каражаттарды колдонот. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри - мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын реестри, аны ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жүргүзөт. Кардарга багыт алуу - кардардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн уюмду өнүктүрүү концепциясы. Кардарларга багыт алуу мамилеси - кардар менен болгон мамилени туруктуу негизде жакшыртуу процесси. Координатор - квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү максатында арыз ээсинин, алуучунун жана адвокаттын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адамы. Параюрист - консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүчү, юридикалык билими жок, белгилүү чөйрөдө атайын түшүнүктөрү бар адам. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү - мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча процессти координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн адистештирилген мекеме. Алуучу - белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлүүчү жеке адам. Регистр - кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн стадияларында өзүнө тапшырылган ишке байланыштуу адвокаттын катышуусун тастыктоочу процесстик документтер жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн чечими менен бекитилген форма боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү тууралуу адвокаттын отчеттору. Ыйгарым укуктуу орган - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган. Юридикалык клиника - юридикалык жардамды көрсөтүүчү жогорку окуу жайынын түзүмдүк бөлүмү же юридикалык жак.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 10.08.2022 · № 91
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркундөтүү маселелери боюнча кецеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2021 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 25.12.2021 · № 352
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 227 · Күчүн жоготкон