# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 638
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25970/edition/6863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005076

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 5-декабры № 638

Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)

Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдерди талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 61, 62-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 154 "Транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алуу жөнүндө маалыматты фото жана видео тартуу/видео жазуу функциялары бар стационардык, атайын техникалык каражаттар менен маалыматтык система объекттерин колдонуу аркылуу автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 "Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 8-февралындагы № 609-II "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулуштардан транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн жыйымдарды алуунун жана бөлүштүрүүнүн тартибин жана Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулуштардан транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу суралсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын ТИЗМЕГИ

№

Аталышы

Узундугу (м)

Бийиктиги (м)

Туурасы (м)

Максималдуу жол берилген ылдамдыгы (км/ч)

Эксплуатациялоо мезгили

1

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 129 км К.Көлбаев атындагы тоннель

2510

6,40

6,20

60

1962-ж.

2

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 246 км тоннель

465

8

7,40

40

2023-ж.

3

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 409 км тоннель

318

7,45

8,5

40

1981-ж.

4

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 410 км тоннель

355

7,65

8,5

40

1981-ж.

5

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 427 км тоннель

694

7,55

8,4

40

1981-ж.

6

Бишкек-Ош автомобиль жолунун 455 км тоннель

260

7

10,6

40

1981-ж.

2-тиркеме

"Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ӨЛЧӨМДӨРҮ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Категория (ТК)

Автотранспорттун түрү

Транспорт каражаттарынын өтүү наркы (сом)

Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин\* мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен

Чет өлкөлүк, транзиттик мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен

1

М1

Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары - жеңил транспорт каражаттары

50

200

2

М2

Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т ашпаган транспорт каражаттары

100

1000

N1 Т5

Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашпаган транспорт каражаттары. Дөңгөлөктүү тракторлор

100

1000

3

M3

Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т ашкан транспорт каражаттары

150

1500

N2

Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашкан, бирок 12 т ашпаган транспорт каражаттары

150

1500

4

N3

Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары

250

3000

5

N3O3

Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору, бирок 10 т ашпаган чиркегичтер

500

5000

T4.2

Максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар)

500

5000

6

N3O4

Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 т ашкан чиркегичтер

500

5000

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен транспорт каражаттары - бул Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын транспорт каражаттары
