# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 5-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 5-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25966/edition/6859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 5-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (05.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005071

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 5-февралы № 47

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Нарын шаары, А.Тыныбеков көчөсү, 20 а дарегинде жайгашкан "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин жанаша жер участогу менен (идентификациялык коду 4-05-02-0002-1139) Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Нарын шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплексти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;

- мүлктүк комплексти ээликтен ажыратуу укугусуз максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн

Төрага

А.У. Жапаров
