Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу „Кыргызавтожол“ мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын „Нур“ бала бакчасынын мүлктүк комплексин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 5-февралы № 47
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Нарын шаары, А.Тыныбеков көчөсү, 20 а дарегинде жайгашкан "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин жанаша жер участогу менен (идентификациялык коду 4-05-02-0002-1139) Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Нарын шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Нур" бала бакчасынын мүлктүк комплексин белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплексти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- мүлктүк комплексти ээликтен ажыратуу укугусуз максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122