# Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 3 "Чүй облусунун Москва районунун “Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 3 "Чүй облусунун Москва районунун “Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005064>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25963/edition/6845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005064.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 3 "Чүй облусунун Москва районунун “Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (20.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005064

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бириккен Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы 2024-жылдын 20-марты №3 Чүй облусунун Москва районунун “Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, айылдык кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын «Александровка айылдык кеңеши», Чүй облусунун Москва районунун Сретенка айыл аймагынын «Сретенка айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун Москва районунун Садовое айыл аймагынын «Садовое айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун Москва районунун “Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;

- расмий тилде Учреждение “Айылный кенеш Мин-Булакского айылного аймака” Московского района Чуйской области;

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Садовое айылы, Советская көчөсү №202.

2. «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3. «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Садовое айылы, Советская көчөсү №202, болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага

Саркулов Б.К.
