# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230005061)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 79 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005061/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5328/edition/6842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005061/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (22.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005061/st-2

---

«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Свободные горы» гезитине 1-тиркеме, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

12-статьяда:

а) он үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашап жаткан тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.»;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

«20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аларга берилген кызматтык квартираларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө укуктуу.».

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230005061/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230005061/st-3)
