# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 183 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 183 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25960/edition/6837/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 183 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 12-апрели № 183 Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 1-тиркемеге ылайык;

- Кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 2-тиркемеге ылайык.

2. 1-пунктта көрсөтүлгөн типтүү келишимдерге инвестициялык макулдашуунун жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча жетишилген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
