Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 12-апрели № 183 Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 1-тиркемеге ылайык;
- Кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-пунктта көрсөтүлгөн типтүү келишимдерге инвестициялык макулдашуунун жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча жетишилген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № __ типтүү келишим (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Типовой договор · 12.04.2024 · № 183
- Кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № __ типтүү келишим (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Типовой договор · 12.04.2024 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 709-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "ЛВ ЗИЮАН" жоопкерчилиги чектелген коомунун…Распоряжение · 04.11.2024 · № 709-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49