# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин чарбалык субъекттерди статистикалык эсепке алуу менен толук камтууну камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалыматтык ведомстволор аралык оз ара аракеттенүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин чарбалык субъекттерди статистикалык эсепке алуу менен толук камтууну камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалыматтык ведомстволор аралык оз ара аракеттенүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25959/edition/6835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин чарбалык субъекттерди статистикалык эсепке алуу менен толук камтууну камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалыматтык ведомстволор аралык оз ара аракеттенүүсү жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005056

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 12-апрели № 188 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин чарбалык субъекттерди статистикалык эсепке алуу менен толук камтууну камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалыматтык ведомстволор аралык оз ара аракеттенүүсү жөнүндө Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик маалыматтарын пайдалануу менен чарбалык субъекттердин иши жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултууну жакшыртуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маалыматтарды алышуу боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2 айдын ичинде маалыматтарды чогултуу жана алмашуу үчүн инструменттерди (таблицалардын шаблондорун) иштеп чыксын.

3. Тартипти ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) Тартипти өз убагында жана сапаттуу аткарууну;

2) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен Тартипти аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жылдын жыйынтыгы боюнча жалпыланган маалыматты берүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
