Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 17 октября 2024 года № 628 "О введении временного запрета на вывоз (экспорт) древесины и лесоматериалов из Кыргызской Республики за пределы таможенной территории Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-17.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 628 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-марты № 107
Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коду менен классификациялануучу жыгачты жана жыгач материалдарын Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 17.10.2024 · № 628
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 18.09.2023 · № 485 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 17.10.2024 · № 628
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы…Постановление · 18.09.2023 · № 485 · Күчүн жоготкон