# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25944/edition/6810/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (15.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005020

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-марты № 113

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн уюштуруу тартибинде:

- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"- соода павильондорун/үйлөрүн ачууга көмөктөшүү, ата мекендик товарларды илгерилетүүгө талдоо жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын ата мекендик товарларын сатуу үчүн келген өлкөдөгү соода павильондоруна/үйлөрүнө документтерди коштоо жана ырастоону (авторизацияны) берүү жана андан кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетторду берүү менен ата мекендик товарларды илгерилетүү жүзөгө ашырылып жаткан өлкөлөрдөгү мындай павильондордун/үйлөрдүн ишин координациялоо.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
