# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25902/edition/6760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004969

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-марты № 92

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун ишин оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- 2023-жыл - 10795299,3 миң сом;";

- 2-пунктта:

биринчи абзацта "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому менен биргеликте" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген каражаттардын суммасына "Электр станциялар" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын кошумча эмиссиясынын калган үлүшү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берилүүгө тийиш.";

- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан тышкары, өздүк каражаттардын эсебинен 2023-жылы 1800000000 (бир миллиард сегиз жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, 2024-2030-жылдары 2000000000 (эки миллиард) сомдон кем эмес өлчөмдө бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жыл сайын жоюуну жүргүзүү;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Н.Жапаров
