# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 159-т (2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 159-т (2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 159-р
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004922>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19144/edition/6704/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004922.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 159-т (2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004922

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 12-апрели № 159-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 159-т тескемеси менен жактырылган

2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жарандары - дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Иордания Хашимит Королдугунун жарандары - дипломаттык паспортторунун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү үчүн кирген күндөн тартып токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотууну карайт. Макулдашууну ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын - дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет. Жогоруда аталган Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. Макулдашуу кол коюлганга чейин 2017-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 2-б буйругу менен жактырылган.
