# 6-берене

- Документ: [Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Толук аталышы: КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 "Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5326/edition/6590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004823/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-6

---

"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) расмий тилдеги 4-статьянын 4-пунктунун 3-пунктчасында "иным уполномоченным финансово-кредитным учреждением" деген сөздөр "иной уполномоченной финансово-кредитной организацией" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьянын 3-пунктунда "жана маалымдоо" деген сөздөр алып салынсын;

3) 6-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында "адистештирилген финансы-кредиттик мекеме" деген сөздөр "адистештирилген финансы-кредиттик уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 8-статьянын 2-пунктунун 13-пунктчасында "каржылык-кредиттик мекемелердин" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 26-статьянын 1-пунктунда "мекемелеринен" деген сөз "уюмдарынан" деген сөзгө алмаштырылсын;

6) 28-статьянын 2-пунктунда "финансы-кредиттик мекемелердин" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 33-статьяда:

а) 2-пунктта "финансы-кредит мекемеси" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-7)
