# 2-берене

- Документ: [Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Толук аталышы: КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 "Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5326/edition/6590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004823/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- жеке жак тарабынан жеке жакка процентсиз заем берүү;";

2) 7364-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Заем алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, эч кандай комиссияларсыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кайсы убакта болбосун кредитти мөөнөтүнөн мурда тындырууга укуктуу.";

3) 755-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Банк өзүнүн алган салымдарын кайтарууну камсыз кылуу үчүн пайдаланууга милдеттүү каражаттар жана ыкмалар "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана келишим менен аныкталат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-3)
