# 1-берене

- Документ: [Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Толук аталышы: КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 "Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5326/edition/6590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004823/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 87-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коммерциялык эмес уюмдардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.";

2) 96-статьянын 2-пунктунда:

а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банкты, финансы-кредиттик уюмду же мекемени жоюу банктар же башка финансы-кредиттик уюмдар же мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.";

б) бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Банктык лицензияны кайра чакыртып алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында убактылуу администраторду дайындоого тийиш. Убактылуу администратор "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарга ээ.";

3) 349-статьянын 1-пунктунда "кредиттик мекеме же" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюм же мекеме," деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823/st-2)
