# Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 125 "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 125 "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004768>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25730/edition/6540/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004768.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 125 "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" токтому (05.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004768

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 32-сессиясы

2024-жылдын 5-февралы № 125 Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынындеңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактыкреформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгына ылайык Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде “Миң-Булак айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин.

3.Александровка, Крупское жана Беш-Көрүк айылдарынын аталыштары ошол бойдон калсын.

4.Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириккенден кийин административдик борбору катары Садовое айылы эсептелинсин.

5. Буга чейин кабыл алынган Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы №106-токтому жокко чыгарылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналивке жүктөлсүн.

Төрайымдын орун басары

Т.Т. Асанов
