# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004729>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25700/edition/6505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004729.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (16.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004729

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-февралы № 65 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 13-июлундагы № 01-39/1420 жана 2022-жылдын 29-декабрындагы № 01-39/1938 корутундуларын, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы № 83 жана 2023-жылдын 12-июлундагы № 13/55 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган 33,63 га жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), алардын ичинен:

- № 460 (4,8 га) жана № 461 (28,08 га) контурларында жайгашкан жалпы аянты 32,88 га Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жерлери;

- № 461 контурда жайгашкан (0,12 га) талаа жолдору өткөн жерлер;

- № 462 (0,48 га) жана № 466 (0,15 га) контурларда жайгашкан жалпы аянты 0,63 га жайыт жерлери.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;

- жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык суу ташкындарын бурууну эске алуу менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомдоштуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен аймактын инфраструктурасын, жашоо-тиричилигин камсыздоо системасынын иштөөсүн жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;

- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участогун баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;

- көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына туш келген учурда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
