# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 42 ""Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 42 ""Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25697/edition/6496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 42 ""Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтому (31.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004713

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому

2024-жылдын 31-январы № 42

"Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 104 "Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
