# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 35 "Аракка бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 35 "Аракка бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25680/edition/6467/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 35 "Аракка бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтому (26.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004691

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-январы № 35

Аракка бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө

"Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 11-бөлүгүн ишке ашыруу, ошондой эле алкоголдук продукция рыногунун бардык субъекттеринин бизнес жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, рынокту легалдаштыруунун эсебинен мамлекеттик бюджетке салыктык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү, сапатсыз алкоголдук продукцияны керектөөнү азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу дүң-сатуу баасы жана Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу аракка минималдуу чекене баа 2024-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

Минималдуу баалардын түрү

Даяр продукциянын 0,5 литри үчүн баа, сом менен

Дүң-сатуу

156

Чекене

158

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аракка минималдуу баалар аракты сатуу үчүн, анын ичинде жарнамалык акцияларды, маркетингдик жана башка иш-чараларды жүргүзүүдө, сый акыларды төлөөдө (анын ичинде сатып алуучу товар жүгүртүүнүн белгилүү бир деңгээлине жеткенде) минималдуу баалар болуп саналат.

3. Башка сыйымдуулуктагы керектөө идишине куюлган аракты дүң жана чекене сатууда минималдуу дүң-сатуу жана чекене баалар тиешелүү түрдө даяр продукциянын 0,5 литри үчүн белгиленген минималдуу баага пропорционалдуу эсептелет.

4. Аракка белгиленген минималдуу дүң-сатуу жана чекене баалардын сакталышын контролдоо этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлсүн.

5. Алкоголдук продукцияны өндүрүүчү ишканаларга фирмалык соода түйүндөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталсын.

6. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган арак рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзсүн жана зарыл болгон учурда фискалдык саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен биргеликте аракка минималдык баалардын деңгээлин кайра кароо боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
