# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 "Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 "Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25673/edition/6459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 "Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004680

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-январы № 24

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 "Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-январындагы № 2 "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы № 298 "Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Суюлтулган көмүр-суутек газдарды пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелеринде:

- 3, 388-пункттарда "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" деген сөздөр "Өрт коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пунктта ", өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"42. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди курууну, эксплуатациялоону, кеңейтүүнү, реконструкциялоону, техникалык кайра жабдууну, консервациялоону жана жоюуну баштоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун милдеттүү шарты болуп долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча оң корутундунун болушу эсептелет.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
